Радио

Мукашев: Кыргызстанда алгачкы ирет шашки боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

"Кыргыз Республикасынын майыптар арасындагы шахмат жана шашки боюнча ассоциациясы" коомдук бирикмесинин жетекчиси Эрмек Мукашев Кыргызстанда шашки спорт катары өнүкпөгөндүгүн айтты.
Sputnik
Ысык-Көлдө 3-15-сентябрь аралыгында майыптыгы барлар арасында шашки боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Ага өлкө атынан үч категория боюнча 18 спортчу катышат. Бул тууралуу Эрмек Мукашев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ири мелдешке КМШ, Европа мамлекеттеринен 150дөй спортчу келери күтүлүүдө.
"Майыптыгы барлар арасында шашки боюнча дүйнө чемпионаты быйыл Анталия шаарында өтмөк. Бирок белгисиз себептерге байланыштуу кабыл алуучу жер алмаштырылып, Кыргызстан же Өзбекстанда өткөрүү сунушталган. Натыйжада ири мелдешти уюштуруу жоопкерчилиги бизге жүктөлүп, 3-15-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Ага КМШ, Европа мамлекеттеринен 150дөй спортчу келери күтүлүп жатат. Учурда балдарды машыктыруу үчүн Россиядан адис алып келип, кыздар, балдар арасында мыктыларды тандап, курама команда түптөлүүдө. Турнирге дүйнө чемпиондору, тажрыйбалуу спортчулар катышкандыктан атаандаштык катуу болот. Биздин оюнчулар байгелүү орунга илинип калууга бардык аракетин көрөт", — деди Мукашев.
Ошондой эле адис Кыргызстанда шашки спорт катары өнүкпөгөндүгүн кошумчалады.