Өлкөнүн желеги менен дүйнөнү түрө кыдырган Орзубек Назаров 56 жашта. Сүрөттөр

Бүгүн бокс боюнча профессионалдар арасында дүйнөнүн жети жолку чемпиону, атактуу мушкер Орзубек Назаровдун туулган күнү. СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери 56 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Орзубек Назаров 1966-жылы 30-августта Кант шаарында төрөлүп, балалыгы ошол жакта өткөн. Болочоктогу атактуу спортчу мектепте окуп жүргөндө аябай тентек болгондуктан апасы Жорохан аны он жашында спорт залга алып барган. Алгачкы жолу беттешке 12 жашында 28 килограмм салмак менен чыгып, атаандашын утуп алган соң спортко баш-оту менен киришкен.
Кийин 16 жашында өспүрүмдөр арасында СССРдин чемпиону, 18 жашында Эл аралык класстагы спорт чебери даражасына жетишкен. Талыкпас эмгектин аркасында спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында СССРдин жаштар арасындагы мелдешинин төрт жолку жеңүүчүсү, Европанын эки жолку, СССРдин үч жолку чемпиону болгон.
Ал эми профессионалдар арасында Япониянын беш, Азия менен Океаниянын алты жолку, дүйнөнүн жети жолку чемпиону аталган. Спорт сүйүүчүлөрүнүн арасында 165 жолу рингге чыгып, 153 ирет жеңишке жетишкен. Профессионалдык рингде 28 беттеш өткөрүп, анын 27син уткан (23 нокаут менен). Сологой боксчу атаандаштарын боорго көбүрөөк муштаганы менен айырмаланган.
Дүйнөнү 22 жыл түрө кыдырып, эгемен өлкөнүн желегин желбиреткен спортчу тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстандын материалынан окусаңыз болот.
1 / 12

Кыргызстандык боксчу Орзубек Назаров америкалык Ромиллис Эллисти рингде жеңген учуру. Москва шаары, 1986-жыл

2 / 12

Ал 18 жашында эл аралык класстагы спорт чебери болгонго жетишкен. Сүрөттө кыргызстандык боксчулар машыктыруучусу менен

3 / 12

Дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Назаров СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, устаты Геннадий Аноприев менен

4 / 12

Бокс боюнча СССРдин курама командасы Европа биринчилигинин алдында. Орзубек Назаров да анын курамына кирген. 1987-жыл

5 / 12

Кыргызстандык мушкер профессионалдык рингде 28 беттеш өткөрүп, 23үн нокаут менен жыйынтыктаган

6 / 12

Орзубек Назаров менен америкалык Вашингтон Лонгстриттин бештеши. Москва, 1986-жыл

7 / 12

Чемпиондун кезектеги каршылашы индонезиялык Адрианус Тарорех. Токио шаары, 1996-жыл

8 / 12

Назаров Кыргызстандын желегин далай мамлекетте желбиретип, беттештерге өлкөнүн гимни менен чыккан. Сүрөттө мушкер индонезиялык спортчу менен беттешүүдө. Токио шаары, 1996-жыл

9 / 12

Солдон оңду көздөй: бокс боюнча дүйнөнүн тогуз жолку чемпиону, россиялык мушкер Юрий Арбачаков, ортодо дүйнөнүн абсолюттук чемпиону, Олимпиада оюндарынын жеңүүсү Мухаммед Али жана дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров. Токио шаары, 1996-жыл

10 / 12

Орзубек Назаров менен америкалык Ливандер Джонсондун беттеши. Майамиде кыргызстандык спортчу атаандашын жетинчи раундда нокаут менен уткан

11 / 12

Дүйнөнүн жети жолку чемпиону сологой болгон. Сүрөттөн кыргызстандык спортчу каршылашы франциялык Жан-Батис Мендиге сокку узатууда. Париж, 1998-жыл

12 / 12

СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери учурда ишкерлик менен алектенип, коомдук иштерге активдүү катышып келет