БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Азыркы чараларды көрбөгөндө учурдагы баалар дагы 30 пайызга өсүп кетмек. Бул туурасында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Биринчи радионун" эфиринде сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, баалар глобалдуу инфляциянын кесепетинен улам жогорулоодо. Өлкөнүн азык-түлүк корзинасы толугу менен биржалык товарлардан тургандыктан биржада кымбаттаса, дүйнөдө кандай өсүү болсо ал дароо сезилет.
"Бирок мүмкүнчүлүккө жараша, салыктык маневрларды колдонгондо, мисалы, кошумча нарк салыгынан бошотулганда автоматтык түрдө 12 пайызга арзандап жатат. Импорттук пошлинаны чыгаргандан кийин 15 пайызга түшүүдө. Эгерде ушундай чараларды көрбөгөндө азыркы баа дагы 30 пайызга жогоруламак", — деди Амангелдиев.