Кыргыз-казак айтышында 8 акын финалга чыкты. Тизме

Жалпы байге фонду үч миллион сомду түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак айтышында сегиз акын финалга чыкты.
Бүгүн Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда жарым финал болуп, 16 акын ат салышты.
Ал эми эртең финалда төмөнкү акындар сөз берметтерин төгүшөт:
Кыргыз акындары:
Жеңишбек Жумакадыр;
Асылбек Маратов;
Мамбеттокто Мамбеторозо;
Баян Акматов.
Казак төкмөлөрү:
Айтпай Жумагулов;
Данияр Алдаберген;
Аспанбек Шугатаев;
Алтынбек Ибрагимов.
Төкмөлөрдүн жарышы Эгемендүүлүк күнүнө карата жана залкар төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине арналып жатат. Жалпы байге фонду үч миллион сомду түзөт, салтка айлангандай эле кош байге берилет.
Айтыш Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры, “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.
Сингапур, Франциядан келишкен. Чуңкурчакта 15 өлкөнүн жаачылары жарышкан видео