Каракол шаарында 13 миллион сомго беш коомдук даараткана курулмакчы

Ар бир объектиге 2 миллион 587 миң 815 сомдон каражат сарпталат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Каракол шаарында жалпы 13 миллион сомго беш коомдук даараткана куруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин баракчасында айтылат.
Долбоордун так баасы 12 миллион 939 миң 77 сомду түзөт. Башкача айтканда, ар бир дааратканага 2 миллион 587 миң 815 сомдон сарпталат.
Сынактын катышуучулары 14-сентябрга чейин арыз бериши керек.
Дааратканалар кайсы жерлерге салынат:
Парковая көчөсү, 10;
Алыбаков көчөсүндөгү Тагай бий атындагы парктын аймагында;
Тыныстанов жана Кутманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде;
Токтогул көчөсүндө (Асаналиевди кесип өтөт), Кайың паркынын аймагында;
Пушкин атындагы сейил бактын аймагында.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги 40 млн. сомго жабдуу сатып алат