Макрон энергетикалык кризис боюнча Коргоо кеңешинин жыйынын өткөрөт

Француз ЖМКлары өлкөдө электр энергиясынын дүң баасы 2023-жылы рекорддук чекке жетип, мегаватт-саатына 1 000 евродон ашат деп жазышкан. Бул бир жыл мурункуга караганда миң эсеге көп.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон энергетикалык кризиске байланыштуу 2-сентябрда Коргоо жана коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Белгиленгендей, Макрон төрагалык кыла турган кеңештин жыйыны кыш алдындагы газ жана электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшүнө арналат.
Ага Франциянын премьер-министри Элизабет Борн, экономика жана каржы министри Брюно Ле Мер, энергетикалык трансформация министри Аньес Панье-Рюнаше катышат.
Буга чейин француз ЖМКлары өлкөдө электр энергиясынын дүң баасы 2023-жылы рекорддук чекке жетип, мегаватт-саатына 1 000 евродон ашат деп жазышкан. Бул бир жыл мурункуга караганда миң эсеге көп.
Белгилей кетсек, Украинадагы атайын операция башталган соң Европа Россиянын энергетика булактарынан баш тартууну чечкен. Эмбарго деңиз аркылуу ташып келүүлөргө жана түтүктөргө салынган. РФтен нефть импорттоого салынган тыюу декабрдын башына чейин, ал эми мунай заттарына 2023-жылдын февралына чейин киргизилген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Медведев Европада газдын баасы дагы көтөрүлөрүн божомолдоду