Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Боррель Украинадагы кырдаал начарлап, ЗАЭСтеги абал кооптуу экенин айтты

Евробиримдиктин өкүлдөрүнүн бири кырдаалга карабай, Украинага жардам берүүнү улантарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Украинадагы кырдаал начарлап, Запорожье АЭСиндеги абал өтө кооптуу болууда. Бул тууралуу Европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин Прагадагы жолугушуусунун алдында айтканын РИА Новости жазды.
"Биз бүгүн Украинадагы кырдаалды талкуулаганды улантабыз. Ал жакта абал жакшырган жок. Запорожье АЭСиндеги кырдаал да өтө кооптуу", — деген ал.
Ошол эле учурда Боррель Евробиримдик Украинага жардам берүүнү, анын ичинде аскердик жаатта көмөк көрсөтүүнү уланта турганын белгилеген.
Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп жатат. Президент Владимир Путиндин айтымында, түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери украин аскерлери АЭСтин аймагына бир нече жолу чабуул жасоо аракетин көрүшкөн.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет. Ал март айынан бери орус аскерлери тарабынан кайтарылып келген. Россиянын Тышкы иштер министрлиги бул кадамды өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын агып кетүүсүнө жол бербөө үчүн жасалды деп түшүндүргөн. Анткен менен станция украиналык оператор тарабынан көзөмөлдөнүп жатат. Киевдин өзөктүк объектилерге жасаган соккусу масштабы жагынан дүйнөнү Чернобылдагыдай каргашага түртүп жатканын Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензя айткан. Киевдин мындай аракетин сынга алгандар четтен чыгууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевдин огунан ЗАЭСтеги күйүүчү май сакталган жайдын чатыры тешилди. Сүрөт