Бишкекте Жапаров катышкан ардагер футболчулардын беттеши башталды

Футбольный матч среди ветеранов с участием президента КР Садыра Жапарова
Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына арналып өтүүдө. Аны президент Жапаров сүйлөп ачты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Борбор калаада Кыргызстандын ардагерлеринин курама командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлер футболчуларынын беттеши башталды. Кыргызстандыктардын катарында президент Садыр Жапаров да ойноп жатат.
Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына арналды.
Президент Жапаров аталган мелдешти ачып жатып, бул матчты кабыл алуу Кыргызстан үчүн сыймык экендигин айтты.
"Ардагерлердин бул мелдеши мамлекеттер аралык байланыштарды бекемдөөгө, жаштарга сергек жашоо образын түзүүгө түрткү берет деп айта алам", — деди Жапаров.
Ал жаштарды спорт менен машыгууга чакырды.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курамасын Азия Кубогу-2023кө чыгышы менен куттуктады
Жаңы стадион курулат. Садыр Жапаровдун футболчуларды куттуктаган видеосу