БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Борбор калаада жарандын 63 миң долларлык автоунаасын алып, алдап кеткен деген шек менен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба МВД КР
Буга чейин Бишкектин тургуну аны алдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Бул факты ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан иликтенип, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 27 жаштагы Б.Б. аттуу жаранды кармаган.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү 2021-жылы башка адамдар менен сүйлөшүп, жабырлануучунун унаасын алдоо жолу менен өзүнө ыйгарып алган. Келтирилген зыян 60 миң доллардан ашык деп бааланды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.