Жапаров катышкан футбол кандай өттү? Ардагерлердин оюнунан сүрөттөр

Борбор калаада Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн ардагер футболчуларынын беттеши өттү. Анда президент Садыр Жапаров дагы ойноду.
Sputnik
Оюн 3:3 эсеби менен жыйынтыкталып, достук жеңди деп табылды.
1 / 14

Мамлекет башчы Садыр Жапаров сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады

2 / 14

Президент ардагерлердин талбаган эмгегинен кыргыз футболу коомчулукка кеңири жайылып, региондо ийгиликтерди жаратып келе жатканын айтты

3 / 14

Кыргызстандын футбол ардагерлеринен куралган команда

4 / 14

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн ардагер футболчуларынын командасы

5 / 14

Кыргызстандык футбол ардагери Владимир Орешин

6 / 14

КМШ өлкөлөрүнүн ардагер футболчусу оюн талаасына чыгып баратканда

7 / 14

Оюн башталары менен эле Садыр Жапаров атаандаштын дарбазасына гол киргизип, эсеп санын ачты

8 / 14

Легендалардын беттешин көрүүгө келген адамдар дагы көп болду

9 / 14

Ал ортодо ырчы Ая (Светлана Назаренко) баштаган "Город 312" музыкалык тобу өнөрүн тартуулады

10 / 14

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына арналды

11 / 14

Беттеш бүтөрүнө аз калганда Жапаров дагы бир гол киргизип, эсеп санын теңдеп койду

12 / 14

Оюн эки тайм менен өтүп, ар бирине 30 мүнөт убакыт берилди

13 / 14

Кыргызстандык команда ак түстөгү форма кийип чыкты

14 / 14

Эстрада жылдызы Бек Исраилов да келип майрамдык маанай тартуулады