АКШ цивилизациясынын кыйроо алдында турган 6 белгиси аталды

Макаланын автору АКШ цивилизациясы ичтен "желип" бара жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Америка цивилизациясы ичинен кыйрай баштады. Бул тууралуу The Washington Times гезитинин баяндамачысы Дон Федердин макаласына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Өзүнүн материалында автор кыйроонун бир нече белгисин санап берген.
Биринчиден, көзөмөлсүз иммиграция. Жыл башынан бери АКШга эки миллиондон ашык адам келди. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп.
Экинчиден, массалык талап-тоноо. Бир нече жыл мурда болгон башаламандыкта эл дүкөндөрдү тоноп, көзүнө көрүнгөндүн баарын алып кетти. Ошол эле учурда полиция майда укук бузууларга көңүл бурбайт. Анткени мамлекеттик айыптоочулар кармалгандарды баары бир чыгарып коюшат.
Үчүнчүдөн, элита улутту улут кылган баалуулуктарды мазактап келет. Мисалы, Көз карандысыздык декларациясынын авторлорунун бири Томас Жефферсондун атын өзү негиздеген Вирджиния университетинен алып салуу сунушу. Бул нерсе тарых унутулуп бара жатканынан кабар берет;
Төртүнчүдөн, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү. Автор Кытайдан алынган фентанил затын 18 жаштан 45 жашка чейинки америкалыктардын өлүмүнүн негизги себепкери деп эсептейт.
Бешинчиден, төрөттүн санынын төмөндөөсү. Федердин пикиринде, дени сак коомдо калктын саны өсүп жатат. Ал эми АКШда төрөт курагындагы бир америкалыкка 1,78 гана бала туура келүүдө. Муну жок болуу деп койсо болот.
Алтынчыдан, үй-жайсыз адамдардын көбөйүшү. Алардын көбү психикалык жактан оорулуу же баңгизаттан көз каранды.
Сөзүнүн соңунда автор АКШ чындап эле өзүн ичтен "жеп" жатканын кошумчалады.
Кытай АКШдан Тайванга курал сатууну тез арада токтотууну талап кылды