Кыйратып аял же күйөө болуп бербейт. Жалгыздыкты сүйгөн кишидеги үч белги

Психолог үй-бүлөлүү болгусу келбеген адам башкалардан эч нерсеси кем эместигин, ал эми жалгыздык жөн гана алардын тандоосу экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Коомчулукта ар бир адам жашоодо түгөйүн таап, бала-чакалуу болушу керек деген түшүнүк бар. Анткен менен бул нерсенин баарын четке кагып, жалгыз эле бактылуу жашаган кишилер дагы жок эмес. Психолог Марк Трэверс үй-бүлө курууга жараксыз адамдарда кезикчү үч негизги сапатты санап, анын пикирин "Доктор Питер" басылмасы жазды.
Жылгыз бой өткүсү келген адамдардын биринчи сапаты — өзүн эч качан ата-эненин ролунда көрбөгөнү. Бул нерсе ал баланы жаман көрөт же балалуу болуш үчүн түгөйү, балким мүмкүнчүлүгү жок дегенди түшүндүрбөйт. Бул адамдар жөн гана өз тукумун улагысы келбейт.
Экинчи сапат — карьерага баш-оту менен берилүү. Адистин айтымында, айрым адамдар чындап эле өмүрлүк жар, тууган-урук жана жоро-жолдошторго караганда ишин көбүрөөк жакшы көрөт. Эгер мындай киши үй-бүлө куруп, эл катары жашаш үчүн карьерасынан баш тартса, бактысыз болуп калышы мүмкүн.
Үчүнчү сапат — эркиндикке болгон сүйүү, башкалардан айырмаланган кызыктуу өмүргө умтулуу. Мындай адамдар өзүн эч бир жерден чектегиси келбейт. Сулуулукту жогору баалап, саякаттаганды жакшы көрүшөт. Абдан ачык-айрым, шайыр келет. Секс тууралуу түшүнүгү дагы башкалардан бир топ айырмаланып турат.
Сөзүнүн соңунда адис үй-бүлөлүү болгусу келбеген адам башкалардан эч нерсеси кем эместигин, ал эми жалгыздык жөн гана алардын тандоосу экенин кошумчалады.
Жыныстык жашоону өтө кеч баштаса эмне болот? Жаңы изилдөө