Захарова: Батыш МАГАТЭ миссиясы тууралуу жалган маалымат таратуу менен алек

Россия аскерлери март айынан тарта АЭСти кайтарып келет. Ошого карабай украин аскерлери маал-маалы менен аны аткылоодо.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Батыш өлкөлөрүнүн "МАГАТЭ станцияда текшерүү иштерин жүргүзүп алышы үчүн Россиядан жалбарып уруксат сурадык" деген билдирүүсү карандай калп. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын жергиликтүү телеканалдарга берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
"Биз МАГАТЭнин миссиясы эч бир тараптын каршылыгына карабай ишке ашышы керек деген позицияны карманабыз. Батыштын Россиядан уруксат сурап жатып араң көндүрдү дегени карандай калп. Бул чындыкка коошпойт. Ал эми Киев режиминин Запорожье АЭСин аткылап жатканы бул коркутуудан өтүп, террорчулукка айланып кетти", — деди Захарова.
Ошондой эле ал буга чейин Москва Запорожье АЭСинде МАГАТЭнин миссиясын уюштурууга канчалаган аракет көргөнүн эске салды.

Тарыхы

Объект Депрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери, тагыраагы, март айынан тарта орус аскерлери тарабынан АЭС кайтарылып келген. Ошого карабай украин аскерлери маал-маалы менен аны аткылоодо. Россия тарап АЭСке МАГАТЭ миссиясы келип, абал менен жеринен таанышып кетишине кызыкдар болууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Запорожье бийлиги Зеленскийдин ультиматуму аткарылбай турганын билдирди