Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киевдин огунан ЗАЭСтеги күйүүчү май сакталган жайдын чатыры тешилди. Сүрөт

Украин аскерлери АЭС жана ага жакын жайгашкан калктуу конуштарга тынымсыз ок чыгарууда.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Украиналык аскерлердин аткылоосунан Запорожье атомдук электр станциясынын атайын корпусунун чатыры тешилди. Бул тууралуу Запорожье облустук администрациясынын мүчөсү Владимир Рогов Telegram каналына жазган.

"Зеленскийдин согушкерлеринин соккусунан улам Запорожье АЭСинин №1 атайын корпусунун чатыры тешилип калды. Ал жакта ЗАЭСтин реакторлору үчүн күйүүчү май сакталат", — деген ал.

Энергодардын бийлиги Запорожье АЭСиндеги абал көзөмөлдө экенин айтып, радиациялык фон нормасында турганын кошумчалаган.
Алар украин аскерлери АЭС жана ага жакын жайгашкан калктуу конуштарды көздөй тынымсыз аткылап жаткандыктарын белгилешкен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Запорожье бийлиги Зеленскийдин ультиматуму аткарылбай турганын билдирди