БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Улуу Британиянын Украинадагы чыр-чатакты каржы жагынан колдоосу солгундап баратат. Бул тууралуу Times гезитине таянып РИА Новости кабарлады.
"Британиянын Украинага берчү курал-жарагы түгөнүп, каржылык колдоосу да азаюуда. Өлкөнүн финансы сектору кыйын абалда турганда Британиянын жаңы премьер-министри Киевди миллиарддаган фунт бөлүү тууралуу жакшылап ойлонушу керек", — деп жазылган макалада.
Times айрым жергиликтүү тургундар Украинага курал берүүнү колдогону менен газдын баасына санааркап жатканын жазган. Кээ бири "украиналыктарды ашыкча даңазалап жатканыбыз үчүн күнөөлүүбүз" деген пикирин билдирген.
Россиянын Украинадагы атайын аскердик операциясынан улам Батыш мамлекеттери Украинага курал-жарак жеткирүүнү улантууда. Москва мындай иш-аракеттер чыр-чатакты токтотпой, тескерисинче, созо турганын бир нече жолу айткан.