Санариптик өнүктүрүү министрлиги 40 млн. сомго жабдуу сатып алат

Сынакка билдирмелерди 13-сентябрга чейин жөнөтүү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги 40 миллион 375 миң 958 сомго бирдиктүү электрондук почта системасын сатып алат.
Мамлекеттик сатып алуулар порталында сынактык билдирмелерди жөнөтүүнүн мөөнөтү 13-сентябрга чейин деп көрсөтүлгөн.
Бирдиктүү электрондук почта системасы негизинен мамлекеттик кызматкерлерди кайсы жайда жүргөнүнө карабастан кызматтык электрондук кат жана документтер менен алмашууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматкерлерди жамааттык жумуш каражаты менен камсыздайт, тактап айтканда, бирдиктүү даректик китепче, корпоративдик мессенджер, календарь жана байланыш телефондорунун тизмесин түзүүнү шарттайт.
Пресс-борбор
Өлкөдө "Электрондук мектептин" ишке киргизилери айтылды. Ал кимдер үчүн