Эгемендик күнүндө Бишкекте салют атылбай турган болду

Бул күнү "Ала-Тоо" аянтында майрамдык салтанат өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн урматына Бишкекте салют атылбайт. Бул тууралуу шаардык мээриядан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, 31-августта саат 19:30да "Ала-Тоо" аянтында эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт башталат.
Буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова жалпыга маалымдоо каражаттарына аталган майрам күнүндө фейерверк болбой турганын билдирген. Кийинчерээк ал салтанатты мэрия уюштуруп жатканын белгилеп, "эгерде мэриядан салют болбойт деп айтышкан болсо, демек болбойт" деген.
Эгемендүүлүк күнүнө карата кандай иш-чаралар өтөт? Программа