Ар өлкөдөн келген салбуурунчулардын бүйүр кызыткан оюну. Сүрөт түрмөк

Бүгүн Чуңкурчак жайлоосунда эл аралык салбуурун оюндары башталды. Жаа атуу боюнча мелдешке 15 өлкөнүн спортчулары катышууда.
Sputnik
Намыс талаша турган 120 жаачы ачылыш аземинде салтанаттуу жүрүштөн өттү. Алар эркектер, кыз-келиндер категорияларына бөлүнүп, жөө жана атчан туруп жаа атуу боюнча күч сынашат.
1 / 14

Жаачылар адегенде 35 метр аралыкка тик туруп таамай атуу боюнча жарышты

2 / 14

Жебесин учуруу кезегин күтүп отурган жаачы

3 / 14

Майрамга карата Чуңкурчакта ар дубандын этношаарчалары курулат. Учурда боз үйлөрдү тигип жатышат.

4 / 14

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Малайзия, Сингапур, Монголия, Россия (Башкыртстан), Венгрия, АКШ, Чехия, Германия, Франция, Индия, Испания жана Индонезиянын жаачылары күч сынашууда

5 / 14

Оюндун эрежесинде жөө жана атчан туруп жаа атуу түрлөрү камтылган

6 / 14

Бутага тийген жебелерди калыстар эсептегенден кийин жаачылар кайра чогултуп алууда

7 / 14

Жалпысынан 120 спортчу эркектер жана кыз-келиндер категорияларына бөлүнүп мелдешет

8 / 14

Жаачылардын мелдеши үч күнгө созулуп, 31-августта мыктылар аныкталат

9 / 14

Ар бир жаачы улуттук кийимчен жүрүшү шарт

10 / 14

Жаа атууга катарлаш эле бүркүт салуу дагы өтүп жатты

11 / 14

31-августта Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк майрамы жана Байтик баатырдын 200 жылдыгы белгиленет

12 / 14

Оюндарды Салбуурун федерациясы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция менен биргеликте уюштурууда

13 / 14

Мүнүшкөр бүркүтүн даярдап жатат

14 / 14

Бардык оюндардын финалдык бөлүгү 31-августта өтөт

Тема боюнча:
Ар дубандын боз үйлөрү, чоң сахна. Чуңкурчакта өтчү майрамга даярдыктын видеосу