Музейдин кароолчусу 75 млн. рублдик картинага көз тартып... Видео

Декабрдын башында "Ельцин борборунда" чуулуу окуя болгон. Третьяков галереясындагы коллекциялардын бири, наркы 75 миллион рубль турган картинага дагы кошумчалап сүрөт тартып коюшкан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Екатеринбург шаарындагы Жогорку-Исет райондук сотунда "Ельцин борборунун" мурдагы күзөтчүсү художник Анна Лепорскаянын ( Казимир Малевичтин окуучусу) "Үч фигура" картинасындагы силуэтти чиймелеп жаткан видео көрсөтүлдү.
Сотто көрсөтүлгөн учурду Ura.ru кабарчысы тартып алган. Кадрдан мурдагы күзөтчүнүн эки жагын сактана карап, эч ким карап турбагандыгына көзү жеткен соң күрмөсүнөн калем сап алып чыгып, картинадагы абстракттуу караандарга көз тартып чыккан.
Чуулуу окуя декабрдын башында "Ельцин борборунда" болгон. Третьяков галереясындагы көргөзмөнүн коллекцияларынын бири, наркы 75 миллион рубль турган картинага дагы кошумчалап сүрөт тартып коюшкан. Галереянын кайра калыбына келтирүү иштери боюнча түзүлгөн кеңеши картинаны калыбына келтирүү үчүн 250 миң рубль кетерин айтышты.
Буга чейинки маалыматтарда күзөтчү Третьяков галереясынан кечирим сурап, анын фондуна беш миң рубль которгону айтылган.
Көксөгөнүмдү Кыргызстандан табам деп ойлогон эмесмин! Россиялык фотографтын маеги