Мэрия Эгемендик күнүндө салют аттырбаган себебин түшүндүрдү

Буга чейин муниципалитет салют атылбай турганын маалымдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы Эгемендүүлүк күнүндө салют атпоо чечимин төмөнкү себептер менен байланыштырды.
"Биринчиден, айлана-чөйрөнү коргоо максатында атылбай турган болду. Фейерверктен көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгат. Ал эми катуу үнү канаттууларды, жаныбарларды чочутат, качырат. Салюттан соң көптөгөн таштанды калат. Экинчиден, саналуу мүнөттөргө эле созулган бул шоу аз эмес көлөмдөгү каражатты талап кылат, андан баш тартуу менен бюджетти үнөмдөйбүз", — дешти мекемеден.
Эгемендик күнүндө Бишкекте салют атылбай турган болду