МАГАТЭ миссиясынын Запорожье АЭСине келе турган маалы айтылды

АЭСке МАГАТЭ миссиясы келип, абал менен жеринен таанышып кетишине Россия тарап кызыкдар.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) өкүлдөрү Запорожье атомдук электр станциясына ушул аптада келет. Бул тууралуу мекеменин башкы директору Рафаэль Гроссиге шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Бул күн дагы келди. МАГАТЭнин колдоо жана жардам берүү миссиясы Запорожье АЭСине барганы жатат. Биз ушул аптанын ичинде Украинага барабыз. Украинадагы гана эмес, бүтүндөй Европадагы эң ири өзөктүк объектинин коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек. Мен бул миссияны жетектеп жатканыма сыймыктанам", — деди Гросси.

Тарыхы

Объект Депрдин сол жээгинде, Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы болуп эсептелет.
Россиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери, тагыраагы, март айынан тарта орус аскерлери тарабынан АЭС кайтарылып келген. Ошого карабай украин аскерлери маал-маалы менен аны аткылоодо. Россия тарап АЭСке МАГАТЭ миссиясы келип, абал менен жеринен таанышып кетишине кызыкдар болууда.
Захарова: Батыш МАГАТЭ миссиясы тууралуу жалган маалымат таратуу менен алек