Өлкөдө коронавирус жуктургандар азайды. Бир аптанын маалыматы

Эки жума мурункуга салыштырмалуу жаңы учурлар 186га аз экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. 22-августтан 28-августка чейин Кыргызстанда коронавирустун 179 жаңы учуру катталды.
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, 26 бейтап ооруканага жаткырылса, 153ү медициналык жардамды үйдөн алган. Тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, учурда бардык облус "жашыл" зонада.
Департамент өткөн апта аралыгында коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайганын белгиледи. Мындан мурунку жума аралыгында аталган илдет 339 адамдан табылган.
Жыл жаңыргандан бери өлкөдө жалпысынан коронавирустун 20 968 жаңы учуру катталды.
Коронавирусту кайра жуктургандар дартты оор көтөрөт. Жаңы иликтөө