Кечээ Ленин чокусунда эки альпинист каза болду, бири — чет элдик жаран

Тоого чыккандар деңиз деңгээлинен 6 100 метр бийиктикте көз жумган. Учурда милиция иликтөө иштерин баштаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кечээ, 28-август күнү, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунда жайгашкан лагерде эки адам каза болду. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Адардын бири кыргызстандык болсо, экинчиси Россия жараны экени айтылды.
"28-августта саат 20:55 чамасында Кашка-Суу айыл аймагынын Ачык-Таш тилкесинде жайгашкан Ленин чокусунда, деңиз деңгээлинен 6 100 метр бийиктикте Россиянын 38 жаштагы жараны Георгий Веселовский жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну, 41 жаштагы белгилүү альпинист Вячеслав Шейко каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Маркумдар тууралуу кабар Чоң-Алай райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Бул Чоң-Алай РИИБдин электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталган.
"Учурда тергөө тобу тарабынан маркумдардын сөөгүн чокудан алып түшүү иштери жүргүзүлүп жатат. Алар газга ууланып же тоңуп көз жумушу ыктымал", — деп кошумчалашты милициядан.
Ала-Арчада чокудан кулап көз жумган киши РФ жараны экени аныкталды