Индияда мыйзамсыз курулган 103 метрлик эки имаратты жардырышты. Видео

Индияда Нью-Дели аймагына мыйзамсыз курулган деп бүтүм чыгарылган асман тиреген эки имаратты кулатышты. Жергиликтүү ЖМКлардын жазганы боюнча, өлкөнүн тарыхында мындай иш биринчи ирет болуп жатат.
Sputnik
Бул үчүн 3 700 килограммдык жардыргыч заттар колдонулду. Анын алдында беш миңге чукул адам эвакуцияланып, жанындагы көп кабаттуу үйлөрдү калың пленкалар менен бекемдеп жаап чыгышкан.
Маалыматта 103 метрлик бул эгиз имаратта 900 батир менен 20 дүкөн жайгашмактыгы айтылган.
Эки үйдүн тагдырын чече турган сот иштери тогуз жылдан бери созулуп келип, акырында кургандардын имараттардын ортосундагы аралыкты сактабай эреже бузганы аныкталган. Былтыр, тагыраагы, 2021-жылдын август айында Индиянын Жогорку соту аларды кулатуу чечимин чыгарган.