Эртең, 30-августта, түштөн кийин бир нече көчө жабылат. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Эртең Бишкек шаарында саат 14:00дөн 23:00гө чейин Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлеринин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүүчү беттешине байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Бул туурасында Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Жабыла турган көчөлөр:
Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектинен тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүк;
Фрунзе көчөсү — Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүк.
Кайгуул кызматы айдоочулардан жол эрежесин сактап, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат.
Беттеш учурунда борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун укук коргоо органдары жана Кайгуул кызматы камсыздайт.
Эске салсак, мурдараак президент Садыр Жапаровдун бул беттеште Кыргызстандын ардагерлеринин курама командасына кошулуп ойноору айтылды.
29-31-август күндөрү Чуңкурчакка жүк ташуучу унаалар менен автобустар кире албайт