"Чыңгыз дөөнүн" өлүмү: кылмыштуу иш боюнча беш киши камалды

Буга чейинки маалыматта Жумагуловду мурдагы суук-селки мамилелери үчүн камералашы өлтүрдү деп айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. "Чыңгыз дөө" атыккан криминалдык төбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына беш киши киргизилгенин Бишкек шаардык сотунан кабарлашты.
Алардын кимдер экени боюнча так маалымат берилген эмес. Камалгандардын ишине Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен айып тагылып, ага "Өзгөчө мыкаачылык" менен "Топтошуп, алдын ала сүйлөшүп алуу" деген 7, 16-пунктулары кошулган.
Свердлов району баш коргоо чарасы боюнча чечимди 27-августта кабыл алган. Жумагуловду бир ай мурда ушул эле жайда өзгөчө мыкаачылык менен бычактап өлтүрүшкөн. Буга чейинки маалыматта кримтөбөлдү мурдагы суук-селки мамилелери үчүн камералашы өлтүрдү деп айтылган.
Кримтөбөл "Женго" соттон акталып, абактан чыкты