Ар дубандын боз үйлөрү, чоң сахна. Чуңкурчакта өтчү майрамга даярдыктын видеосу

31-августта Чуңкурчак жайлоосунда чоң майрам өтүп, Эгемендүүлүк күнү жана Байтик баатырдын 200 жылдыгы белгиленет. Учурда акыркы даярдыктар жүрүп жатат.
Sputnik
Азыркы тапта Чуңкурчакка чоң сахна салынып, ар дубандын боз үйлөр шаарчасы курулууда. Майрам күнү улуттук оюндардын 15 түрү ойнотулуп, маданий программалар уюштурулат. Ал эми жаа атуу, тайган жарыш, бүркүт салуу мелдештери бүгүн эле башталды. Бардык оюндардын финалдык бөлүгү 31-августта өтөт.
Мындан сырткары, 31 чакырым аралыкка ат чабыш уюштурулат. Саяпкерлер таптаган мыкты күлүктөрүн тоо аралатып Байтик айылынан Чуңкурчакка чейин чаап барат. Мында баш байгеге Бишкектен бир бөлмөлүү батир коюлган.
Тема боюнча:
Эгемендүүлүк күнү Чуңкурчакта салтанаттуу белгиленип, ага президент катышат