Бишкекте мечит, медреселер текшерилүүдө

Муфтият рейд учурунда эмнелерге басым жасалып жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы мечит, медресе жана башка диний-агартуу мекемелеринин ишмердүүлүгү текшерилип жатат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Муфтияттан билдиришкендей, текшерүү учурунда уруксат кагаздарынын бар-жогу, санитардык абалдын сакталышы каралат. Мыйзам бузуулар аныкталса имамдарга аларды жоюу боюнча тапшырмалар берилет.
Бүгүн Асанбай кичи районундагы намазкана текшерилди.
Сентябрда салыктар боюнча рейд башталарын эскертишти