Бишкекте Казакстандын 17 жаштагы жараны изделүүдө. Сүрөтү, белгилери

Ильястын кайда экенин көрүп, билгендер (0557) 11-94-10, (0701) 28-28-09, (0702) 49-88-88 же 102 телефондоруна кабарлай алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бишкекте Казакстандын 17 жаштагы жараны Ильяс Абдуллаев изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 28-августта милицияга шаар тургуну кайрылып, жээни "Жунхай" базарынан белгисиз тарапка кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.
Белгилери:
Бою 160 сантиметр, арык чырай, чачтары кара, кыска, көзү кара. Ал кара спорттук шым жана үстүнө United colors of Benetton деп жазылган кара футболка, кара бут кийим кийип жүргөн.
РИИБ өспүрүм психикалык жактан жабыркай турганын эскертип, башкалар менен орой сүйлөшөрүн белгилеген.
Ильястын кайда экенин көрүп, билгендер (0557) 11-94-10, (0701) 28-28-09, (0702) 49-88-88 же 102 телефондоруна кабарлай алышат.
Ысык-Көлдө толкунга кабылып, дайынсыз болуп жаткан спортчу аман-эсен табылды