Радио

Акмат Султан уулу: айтыш идеологияны жайылтууда курал болуп бере алат

Төкмө акын Акматбек Султан уулу улуттук баалуулук даңазаланган тасма, мультфильмдердин жоктугунан балдар башка тилде сүйлөп калып жатканын белгиледи.
Sputnik
Айтыш идеологияны жайылтууда курал болуп бере алат. Мындай пикирин Акматбек Султан уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда айтыш өнөрү улуттук тилди, маданиятты өнүктүрүүдө өзгөчө ролду ээлеп жатат.
"Кыргыздарга "Манас" эпосу идеология болуп келген. Канчалаган жылдар ар кандай оор кырдаалга туш келгенде да ата-бабалар Манасты дем кылган. Учурда манасчылар, алардын китептери, Манас тууралуу спектаклдер коюлууда. Мунун баары идеологияны жайылтуу аракети ар тармактан өнүгүп жатканынан кабар берет. Булардын катарында төкмө акындар да бар. Алар бардык окуяны өз көз карашынан алып ырдай алганы менен өзгөчө. Төкмөлөр улуттук идеологияны жайылтууда өтө чоң курал болуп бере алат. Анткени учурда улуттук баалуулуктар даңазаланган кино, мультфильмдердин жоктугунан балдардын тили кыргызча чыкпай жатат. Ата-энеси менен баласы сүйлөшө албай калган учурлар да жок эмес. Учурдагы маалыматтын көптүгүнөн китеп окууга убакыт дагы жетишпей калды.Төкмөлөр мына ошол китептердеги ойлорду, коомдогу учур көйгөлөрүн ырдоодо. Аны жолдо баратып, иш кылып жатып тыңдоого мүмкүндүк бар. Демек, айтышты угуу менен улуттук насил, маданиятты калыптандырса болот", — деди Султан уулу.
Ошондой эле ал мамлекеттин манасчы, төкмө акындарды камкордукка алышы бул багыттагы ишти алга жылдырууну эртелете турганын кошумчалады.