Бишкекке "Город 312" тобу келди. Сүрөт

Музыканттар эртең футбол сүйүүчүлөрдүн алдында, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо ырдашат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Борбор калаага ырчы Ая (Светлана Назаренко) баштаган "Город 312" музыкалык тобу келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
1 / 2

Борбор калаага ырчы Ая (Светлана Назаренко) баштаган "Город 312" музыкалык тобу келди

2 / 2

Музыкалык топтун мүчөлөрүн "Манас" аэропортунан Маданият министрлигинин өкүлдөрү тосуп алышкан

Музыкалык топтун мүчөлөрүн "Манас" аэропортунан Маданият министрлигинин өкүлдөрү тосуп алышкан.
"Город 312" тобу эртең, 30-августта, кечинде Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлеринин беттешинин алдында өнөрүн тартуулайт. Спорттук иш-чара жана концерт Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулууда. Баса, аталган футболдук беттешке мамлекет башчы Садыр Жапаров да катышмакчы.
Эртең, 30-августта, түштөн кийин бир нече көчө жабылат. Тизме