29-31-август күндөрү Чуңкурчакка жүк ташуучу унаалар менен автобустар кире албайт

Ички иштер министрлиги жол боюнда кароосуз калган унаалар эвакуацияланарын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. 29-31-август күндөрү Чуңкурчак капчыгайына жүк ташуучу жана автобустардын кирүүсүнө тыюу салынат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
31-августта Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Ага президент Садыр Жапаровдун катышары айтылды.
Андан тышкары, Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгыгы белгиленет.
Ички иштер министрлиги жол боюнда кароосуз калган унаалар эвакуацияланарын эскертти. Ал эми Чүй облустук ЖКККББсы жарандарды мындай чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.
Эгемендик күнүндө Бишкекте салют атылбай турган болду