Ысык-Көлдү тазалоо учурунда түбүнөн 446 балык уулоочу тор табылды. Сүрөт

Тазалоо иштерине жергиликтүү бийлик органдары катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдүн түбүнөн узундугу 44 600 метр келген 446 даана балык уулоочу торлор алынды. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ысык-Көлдүн түбүнөн узундугу 44 600 метр келген 446 даана балык уулоочу торлор алынды
Маалыматка ылайык, көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо иштери улантылууда. Мындай жумуштар Балык чарба департаменти, туристтик жана экологиялык милиция, Ысык-Көл мамлекеттик коругу, Экология жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери менен биргеликте жасалууда.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулаймановдун буйругу чыгып, бардык мамлекеттик кызматкерлер Ысык-Көлдү тордон тазалоо иш-чарасына катышып жатканы белгиленди.
Ысык-Көлдүн түбүн балык уулоочу торлордон тазалоо башталды. Видео