Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШлык саясатчы: Украинага бир дагы доллар бербешибиз керек

Шаршембиде президент Жо Байден Украинага аскердик жардамдын эң ири пакети (үч миллиард долларга жакын) бөлүнөрүн жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары Украинага бир доллар да жибербей ички көйгөйлөргө көңүл бурушу керек. Мындай пикирин Республикалык партиянын мүчөсү Дэн Бишоптун жергиликтүү ЖМКларга берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Шаршембиде президент Жо Байден Украинага аскердик жардамдын эң ири пакети (үч миллиард долларга жакын) бөлүнөрүн жарыялаган. Бул каражат Киевге абадан коргонуу, артиллериялык жана учкучсуз учактарга каршы системаларды, ок-дары, радарларды сатып алууга мүмкүндүк берет.
"Биз Украинага үч миллиард доллар тургай, бир доллар дагы жибербешибиз керек. Буга чейин эле биздин европалык союздашыбыз сарптоого даяр болгондон алда канча көп акча коротконбуз. Ошол эле учурда биз бул каражаттардын бир аз бөлүгүн да кайра чогулта албайбыз. Киевди үзгүлтүксүз каржылоосу Байдендин "баарынан кийин Америка" саясатына эң сонун мисал", — деди саясатчы.
Украинага курал-жарак жеткирилгени үчүн Москва буга чейин НАТО өлкөлөрүнө нота жөнөткөн. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров НАТО өлкөлөрү Украинага курал жеткирем деп "от менен ойноп жатканын" билдирген. Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага курал-жарак жеткиргендер орус-украин сүйлөшүүлөрүн кечеңдетип жатканын айткан.
Путин АКШга каршы туруу үчүн жаңы өнөктөш тапты. The Wall Street Journal макаласы