Таласта күн кандай болот? Келе жаткан аптага карата аба ырайы

Апта башында өткүн өтүп, орто ченинен кийин күн ачык бойдон турат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Талас облусундагы аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 29-августта айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 30-31-августта тоолуу райондордо өткүн өтөт, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
1-4-сентябрда күн ачык бойдон турат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-августта күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Нарында күндүн көзү бузулбайт. Бир жумага карата аба ырайы