Путин АКШга каршы туруу үчүн жаңы өнөктөш тапты. The Wall Street Journal макаласы

Батыштын санкциялары, Россияны дүйнөнүн калган бөлүгүнөн обочолонтууга умтулуусу Кремлди союздаштары менен иштөө чөйрөсүн кеңейтүүгө түртүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Россия Иран менен соода жана аскерий байланыштарды кеңейтүүнү Батыштын санкцияларына каршы туруу үчүн пайдаланып жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезитиндеги макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Анда айтылгандай, Батыштын санкциялары, Россияны дүйнөнүн калган бөлүгүнөн обочолонтууга умтулуусу Кремлди союздаштары менен иштөө чөйрөсүн кеңейтүүгө түртүүдө. Россия менен Ирандын ортосундагы соода жана аскердик байланыштардын чыңдалышы АКШны кооптонтуп жатат.
“Вашингтон мындай кызматташтык санкциялардын кесепетин жеңилдетүүгө жардам берет деп ишенет. Москва менен Тегеран биргеликте жаңы рынокторго ээ болот. Июль айында Иран Россия буудайын сатып алып, дүйнөдөгү эң ири импортчу болуп калды. Ошол эле айда Россия Ирандын спутнигин космоско учурду, бул Тегерандын космостук программасы үчүн сейрек кездешүүчү ийгилик", — деп жазылат макалада.
Мындан тышкары, автор дрондор менен биргелешкен машыгууларга көңүл бурду.
Батыш өлкөлөрү Россия армиясынын Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан кийин Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизген. Россиянын чет элдик банктарда сакталып турган 300 миллиард долларга жакын резерви тоңдурулган болчу. Кремль санкцияларды экономикалык согуш деп атаган.
Путин Россия аймагынан ДЭР, ЛЭР жарандарын чыгарып салууга тыюу салды