"Коомдо майып адамдарга көз караш башкачараак, тактап айтканда, чектелген жарандар катары кабыл алынат. Ошондой эле мамлекет дагы тиешелүү деңгээлде иш жүзүндө көңүл бурбай келет. Биз ушул коомдук көз карашты өзгөртүү жана өкмөттүн бизге болгон мамилесин жакшыртуу максатын көздөп, "Биз үчүн бизсиз эч нерсе" деген аталыштагы жөө жүрүш уюштурдук. Ага жалпысынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 21 адам катышты. Коляска менен чыккандарды коштоп жардамчылары жана ыктыярчылар да жүрдү. Биз Чолпон-Атадан Караколго чейинки аралыкты 19-августтан 23-августка чейин 135 чакырымды басып өттүк. Жүрүштө коляскаларыбыздын тетиктери чыгып, сынып, бузулган учурлар болду. Аларды өзүбүз оңдоп-түзөп жүрүп отурдук. Айта кетчү жагдай, биздин арабаларыбыз арзан буюм эмес, ошондой эле анын тетиктери да Кыргызстанда сатылбайт. Буга карабай биздин катышуучуларыбыз активдүүлүгүн көрсөтүштү. Көйгөй — жолду катар даараткана маселесинен кыйналдык. Марафонго катышууга аймактарда коомдук иштерге жигердүү аралашып жүргөн майып жарандарыбыз тандалып алынган. Келечекте марафонду республиканын башка аймактарында улантабыз деген тилегибиз бар", — деди Мураталиева.