Кыргызстандыктар депозитте канча акча сакташат? Статистика

Биринчи жарым жылдыкта жеке жактардын депозиттеги акчасы 124,1 миллиард сомго жеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстанда жеке жактардын банктарга салган депозиттеринин орточо көлөмү 22 миң сомду түзөт. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында жеке жактардын депозиттеги акчасынын суммасы 124,1 миллиард сомго жеткен. Анын ичинен 43,6 миллиарды чет элдик валютада. Депозиттин орточо көлөмү 22 008,1 сомду түзөт.
Өткөн жылдын соңунда депозиттеги каражаттын жалпы саны аз болчу (119,9 миллиард сом), бирок орточо суммасы көп (24 210) катталган.
Өлкөдө акчанын көлөмү 5 жыл ичинде эки ирет көбөйүп, 210 млрд. сомдон ашты