Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ФСБ Курскиде украиналык тыңчыны кармады. Видео

Шектүү Украинанын атайын кызматы аны 2018-жылдын февраль айында опузалоо жолу менен кызматка алганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Курск шаарында аскердик объектилерде тыңчылык кылган украиналык чалгын кызматынын агенти кармалды. Бул тууралуу Россиянын Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкы башкармалыгынын агенти болуп саналган Курск шаарынын тургунунун мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Украиналык жаран Россиянын Коргоо министрлигине тиешелүү объектилер жөнүндө маалыматтарды чогултууга жана берүүгө катыштыгы бар деп шектелген", — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.
Видеодогу адам Куралдуу күчтөрдүн офицерлери жана алардын үй-бүлөсү тууралуу маалыматтарды чогултканын, аскер кызматкерлерин өз тарабына тартууга аракет кылганын мойнуна алган.
Ошондой эле шектүү Украинанын атайын кызматы аны 2018-жылдын февраль айында шантаж жолу менен кызматка алганын кошумчалады.
Sputnik менен РИА Новостиге жасалган DDoS-чабуулдардын мизи кайтарылды