Боррель: Европа жакында санкциялардан улам ири кыйынчылыктарга туш болот

Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын баштагандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялардын бир нече пакетин кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Евробиримдик кыска мөөнөттө антироссиялык санкциялардын оор кесепеттерине туш болот. Бул тууралуу европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррелге шилтеме берип РИА Новости жазды.
Австриялык Kronen Zeitung гезитинин журналисти аны менен болгон маегинде бул өлкөнүн калкынын бир бөлүгү Москвага каршы чектөөлөрдөн күмөн санап жатканын белгиледи.

"Биз Россиянын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чектеп жатабыз. Орус экономикасы мунай жана газ сатыш үчүн биздин технологияга муктаж болот. Бирок өзүбүз дагы кыска мөөнөттө олуттуу кыйынчылыктарга туш болобуз. Газдын баасы өсүп жатканын танууга болбойт, биз эркиндигибиз үчүн төлөп берүүгө даяр болушубуз керек", — деп жооп берди Боррель.

Эскерте кетсек, февраль айынын соңунда Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын баштагандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялардын бир нече пакетин кабыл алган. Көп мамлекеттер россиялык активдерди иштетпей эсептерди жаап, айрымдары Москванын энергоресурстарынан баш тартууга чакырышты. Мындай кадам Батыштын өзүнө да олуттуу зыян келтирди, инфляция өсүп, азык-түлүк, отун катары пайдаланылган продукциялар кымбаттады.
Президент Владимир Путин Россияны алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экендигин, ал эми санкциялар дүйнө экономикасынын шайын бир топ эле оодарып койгондугун эскерткен. Анын айтымына караганда, Батыштын максаты — миллиондогон адамдардын жашоо-турмушун начарлатуу.
Россия экономикасынын Батыштын санкцияларына майтарылбаган 4 фактору аталды