"Достук" чек ара өткөрмө бекетинин эшик-терезесин, шлагбаумун талкалап кетүүдө

Бийлик бейбаштык кылгандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кээ бир адамдар кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекетинин эшик-терезелерин талкалап, автоунаасы менен шлагбаумду сүзүп кетишүүдө. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдиришти.
"Достук" реконструкциялангандан кийин бир күндө жүргүнчүлөрдү өткөрүү агымы 14 500дөн 22 000ге чейин көбөйтүлдү. Бирок чек арадан өткөн жарандарга жагымдуу шарттар түзүлүп жатканына карабай жаңы имаратка аёосуз мамиле кылгандар болууда. Терезелерин сындырып, эшиктерин талкалап, автоунаасы менен шлагбаумдарды сүзүп өтүп жатышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Чек ара кызматы жарандарды өткөрүү пунктундагы чек ара режимин сактоону, мамлекеттик мүлктү этияттоого жана мыйзамга каршы иштерди жасабоого чакырат. Бейбаштык кылгандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти.
28-августка карата Ош облусунда жайгашкан "Достук" өткөрүү пункту штаттык режимде иштеп жатканы белгиленди.
Коңшу өлкөлөргө бир млн. сомдук жылкы, бодо мал айдап бараткандар кармалды. Сүрөт