Мектеп директорлугуна сынактын 2-айлампасы. Документти кайда жөнөтүү керек

Биринчи айлампада талапкерлер тесттен өтпөй калгандыктан директорлук кызматка кайра тандоо жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлугуна жарыяланган конкурстун экинчи айлампасынын катышуучулары документтерин жаңы электрондук почтага жөнөтүшү керектигин эскертти.
Маалыматка ылайык, эски почталарга келген документтер кабыл алынбайт, ага жөнөтүп алгандар болсо кайра жаңысына жиберүүгө тийиш.
Сынакка катышуу үчүн документтерди 8-сентябрь саат 18:00гө чейин тапшыруу шарт. Мында биринчи айлампада талапкерлер тесттен керектүү упай ала албай калганы үчүн директорлук кызматка кайра тандоо өтүп жатат.
Конкурстун экинчи айлампасы үчүн электрондук даректер:
Баткен облусу — konkurs2.batken.2022@gmail.com;
Жалал-Абад облусу — konkurs2.ja.2022@gmail.com;
Ысык-Көл облусу — konkurs2.ik.2022@gmail.com;
Нарын облусу — konkurs2.naryn.2022@gmail.com;
Ош облусу — konkurs2.osh.2022@gmail.com;
Талас облусу — konkurs2.talas.2022@gmail.com;
Чүй облусу — konkurs2.chui.2022@gmail.com.
Бишкектин мектеп директорлору үчүн сынак 30-августта өтөт