Күн кайра ысып баштайт. Чүй облусундагы бир жумага карата аба ырайы

Синоптиктердин божомолунда шаршембиден кийин күндүн табы көтөрүлүп 34 градуска чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата Чүй облусундагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин божомолу боюнча, 1-сентябрдан тарта күндүн табы көтөрүлүп 34 градуска чейин жетет.
29-августта айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
30-31-августта жана 1-сентябрда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөт, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт.
Андан соң 2-сентябрдан 4үнө чейин күн ачык бойдон турат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-августта күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Келерки аптада Ысык-Көлдө аба ырайы кандай болору айтылды