ЖМК: Британиядагы украиналык качкындар көчөдө калуу коркунучунда турат

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын расмий маалыматы боюнча, 24-февралдан 5-июлга чейин Украинадан 8,8 миллионго жакын адам чыгып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Улуу Британияда Украинадан келген он миңдеген качкын баш калкалап турган жайларынан ажырашы мүмкүн. Бул тууралуу The Guardian басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Улуу Британияда 50 000 украиналык качкын келерки жылы үй-жайсыз калышы ыктымал. Бул тууралуу өкмөткө эскертилди, бирок министрлер жакындап келе жаткан кризисти чечүү үчүн жаңы колдоо пакетин сунуш кылуудан баш тартышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Басылма жазгандай, "Украиналыктар үчүн үйлөр" программасы жакын арада жабылышы ыктымал. Анткени жайгаштыруу мөөнөтү катары каралган алты ай соңуна чыгып бара жатат. Бирок үйсүздөр дагы деле көп.
Бул маселе менен алектенген көптөгөн уюмдар британ өкмөтүнүн шалаакылыгы үй-жайсыздыктын катастрофалык өсүшүнө алып келиши мүмкүн экенин баса белгилешти.
Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп жатат. Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын расмий маалыматы боюнча, 24-февралдан 5-июлга чейин Украинадан 8,8 миллионго жакын адам чыгып кеткен.
ЖМК: АКШ чалгын кызматы РФтин Украинадагы планы боюнча так маалыматка жеткен эмес