The Sun: Британия электр энергиясынын кымбатташынан улам тополоңго даярданууда

Улуу Британия 1997-жылдан бери биринчи жолу россиялык энергия булактарысыз калды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Улуу Британия бийлиги электр энергиянын баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу күтүлүп жаткан башаламандыктарды алдын алуу жана жоюу боюнча чараларды иштеп чыгууда. Бул тууралуу The Sun сайты жазды.
"Министрлер божомолдонуп жаткан башаламандыкка камынууда. Жашоо кымбаттаган сайын өкмөт өкүлдөрү элди көзөмөлдөө пландарын түзүшкөн", — деп айтылат макалада.
Улуу Британиянын Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, киргизилген санкциялардан улам июнь айында 1997-жылдан бери өлкө биринчи жолу россиялык энергия булактарысыз калды. Баса, Россия 2021-жылы Улуу Британияга эң ири мунай жеткирүүчүлөрдүн бири болгон.
Буга чейин Улуу Британияда 1-октябрдан тарта электр энергиясына болгон дүйнөлүк баанын өсүшүнө байланыштуу керектөөчүлөр үчүн максималдуу төлөм 80 пайызга өсөрү жарыяланган. Ошентип баа орто эсеп менен 1 846 долларга көбөйүшү мүмкүн. Энергетиканы жөнгө салуучу органдын башчысы Жонатан Брирли энергиянын баасы мындан ары да көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертип, өлкөнүн болочок премьер-министрин жаңы чараларды көрүүгө чакырган.
Лиз Трасс зарыл болсо "өзөктүк кнопканы" басууга даяр. Захарованын жообу