БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. АКШнын чалгын кызматы Россиянын Украинадагы пландары тууралуу жаңылыш маалымат алышкан. Бул тууралуу The National Interest гезитиндеги макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Кабарда белгиленгендей, америкалык эксперттер атайын операция боюнча көптөгөн божомолдорду айтышкан. Бирок бардык тыянактар текшерилбеген маалыматтарга жана шашмалыкка гана негизделген. Бул маалыматтарды Вашингтон өзүнө ыңгайлуу деп чечмелеп, элге берип жатканын түшүндүрөт.
Макаланын автору Рамзи Мардининин айтымында, Россиянын өнүккөн контрчалгын системасы Батыштын чалгын кызматтары үчүн дайыма көйгөй жаратып келет. Муну америкалык эксперттердин болжолдоолору туура келбей калганы далилдеп турат.
"АКШнын расмий өкүлдөрү далилденбеген кабарлар менен коркутуулар Россияга каршы маалыматтык согуштун бир бөлүгү экенин моюнга алышты", — деп жазат Мардини.
Ал бийлик Америка коомчулугун дал ушундай ыкма менен адаштырып келет деп кошумчалады.