29-августка карата аба ырайы

Дүйшөмбүгө караган түнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-Авг. — Sputnik. 29-августта айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +29...+34, Ысык-Көлдө ++19...+24, Нарын жергесинде +20...+25 градуска чейин көтөрүлөт.
Борбор калаа Бишкекте +28...+30, Ош шаарында +32...+34, Чолпон-Атада +19...+21 градус жылуу болот.
Күн кайра ысып баштайт. Чүй облусундагы бир жумага карата аба ырайы