Радио

Көл жээгинде 100 метрге чейин капиталдык курулуш иштерине тыюу салуу сунушталууда

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин директорунун орун басары Мелис Адиев Ысык-Көлдүн жээгин иретке келтирүү үчүн токтом долбоору сунушталып жатканын маалымдады.
Sputnik
Көлдүн жээгине 100 метрге чейинки жерге капиталдык курулушка тыюу салуу сунушталууда. Бул тууралуу Мелис Адиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тийиштүү токтом долбоору президенттин жарлыгынын алкагында сунушталууда.
"Ысык-Көлдүн жээги 100 метрге чейин сууга түшүү аймагы болот. Ал жерге мыйзамсыз, иретсиз салынган капиталдык курулуштарга бөгөт коюу каралып, тийиштүү токтом долбоору сунушталууда. Буга ылайык, көл жээгинде жеңил конструкциядагы гана курулуштар болушу шарт. Тактап айтканда капиталдык курулуштарга уруксат берилбейт. Атракцион, көңүл ачуучу жай сыяктуу орнотуп кайра алып кетип калууга мүмкүн болгон гана нерселерге мүмкүндүк берилет. Ошондой эле аталган аймакты жашылдандырып, көрктөндүрүүгө тийиш болот. Мындан тышкары, ажаткана салып, саркынды суулар агуучу чуңкурларды казууга болбойт, ал эми буга чейин курулгандарды бузуу милдеттендирилет" — деди Адиев.
Ошондой эле ал Ысык-Көл туристтик аймак экенин эстен чыгарбоо зарылдыгын кошумчалады.