Келерки аптада Ысык-Көлдө аба ырайы кандай болору айтылды

Күн өткөн жумаларга салыштырмалуу салкындайт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Келе жаткан жумада Ысык-Көлдүн айрым райондоруна жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги кабарлады.
Аба ырайы өткөн жумаларга салыштырмалуу салкындайт. 29-30-31-августта жана 1-сентябрда күндүз өткүн өтөрү айтылды. 2-3-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 18...23 градус жылуу болушу божомолдонду.
Каракол, Чолпон-Ата шаарларында да өткүн өтүп, жамгыр жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Укмуштуудай кооз! Кытайда тартылган өзгөчө күн желесинин видеосу