БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Украинанын Коопсуздук кызматы 2014-жылдан бери Россияга байма-бай каттаган украиналыктарды массалык түрдө азгырып, Крымдагы жана башка аймактардагы орус аскерлери тууралуу маалыматтарды чогултууга мажбурлап келет. Мындай тыянакты РФтин күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери чыгарганын РИА Новости жазды.
"Украинанын атайын кызматы Россия көзөмөлдөгөн аймактардагы чек араны кесип өткөн украин жарандарына кысымды күчөтүп, аларды кылмыштуу террордук аракеттерге тартууда. Алар жарандарды Крымдагы Россиянын аскерлеринин кыймыл-аракети, баскан-турганы боюнча маалыматтарды чогултууга, жайгашкан жердин координаттарын, ошондой эле РФтин аскер бөлүктөрүнүн жана Крым жарым аралындагы маанилүү объектилердин санын берүүгө мажбурлап келишет", — деген агенттикке маалымат берген кызматкер.
Анын айтымында, Украинанын коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн торуна таксичилер, жүк ташуучулар жана Россиядагы туугандарына келген жөнөкөй жарандар илинет.
"Эгер Украинага жардам бербесең, беш жылга чейин чек арадан өткөрбөй коебуз деп, айрым учурда автоунааларын өрттөп салабыз деп коркутушат экен. Анан айла жоктон айткандарына макул болгонго аракет кылышат", — деген кызматкер.
Агенттиктин маектеши Россиянын атайын операциясы башталгандан кийин Херсондон качып, азыр украиналыктарды азгырууну улантып жаткан Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Коопсуздук кызматынын учурдагы өкүлдөрүнүн жеке жана расмий документтерин көрсөткөн.
Россиянын укук коргоо органдарынын өкүлү мындай азгыруудан жапа чеккен жарандарды Россия көзөмөлдөгөн аймактардагы жакынкы полиция бөлүмүнө же администрациясына кайрылууга чакырды.